Бул китептен окурмандар жылкынын келип чыгыш тарыхы жана азыркы кездеги дүйнөдөгү ар кандай тукумдары жөнүндөгү маалыматтар менен тааныша алат."> Аттар - okuma.kg
Аттар

Автор: А. Орозова

Бөлүм: Элдик жана көркөм адабияттар

Басылган жылы: «Кутаалам», 2017, - 48 б.

Жүктөлгөн убакыт: 2018-04-17 08:04:14

Адам менен жылкынын байланышы тээ байыркы мезгилдерге барып такалат. Кийин колго үйрөтүлгөн жылкылардын көптөгөн жаңы тукумдары пайда болуп, алар көлөмү, сымбаты, чыдамдуулугу, ылдамдыгы юоюнча айырмаланып турат.
Жылкыга арналган көптөгөн искусство чыгармалары бар, өзгөчө, фольклордук-баатырдык чыгармаларда жылкынын ролу өтө жогору бааланат. Жылкынын образын чагылдырган айкелдер тургузулган, анын касиетин даңктаган ырлар, дастандар, уламыштар жазылган. Кыргыз элинде: "Ат - адамдын канаты", - деген накыл кеп айтылат.
Бул китептен окурмандар жылкынын келип чыгыш тарыхы жана азыркы кездеги дүйнөдөгү ар кандай тукумдары жөнүндөгү маалыматтар менен тааныша алат.

Жаңы китептер