Чуулган кылым

Автор: Суранчы Жетимишов

Бөлүм: Элдик жана көркөм адабияттар

Басылган жылы: Ош, «Кагаз ресурстары», 2017, – 356 б.

Жүктөлгөн убакыт: 2018-02-07 19:08:56

XVII-XVIII кылымдар Борбордук Азияда казаптуу мезгилге айланды. Дүйнөлүк оторчул державалар: түндүктөн падышалык Орусия, түндүк-батыштан Жуңгар хандыгы, түштүктөн Аңглия, чыгыштан Кытай Кыргызстанды басып алууга аракеттеништи. Алардан мурда Жуңгар мамлекети ач көздүк менен мыкаачылык жүрүшкө аттанды. Атадан балага уланган кан күйгөн кармаш, мурда- кийин болуп көрбөгөн өтө оор чапкын кылымдан ашкан убакытты өз кучагына алды.
Чин-кытай армиясы Жуңгар хандыгын талкалап, элин кылыч мизинен өткөрдү. «Жуңгар мурасы» саясатын көтөрүп, кытай Кыргызстанды биротоло ээлеп алуу жүрүшүндө кыргыз элинин эртеңи чоң коркунучка кабылды.
Дал ошол оор тагдырды баштарынан кечирип, элинин эртеңине кам көргөн, ары акылман, ары камкор баатыр аталардын ээрдиктерин кыргыз элинин оор тагдырын баяндаган чыгарма жалпы окурмандарга сунуш кылынат.

Жаңы китептер