Экономика

Автор: Ш.М. Мусакожоев

Бөлүм: Экономика, Финансы

Басылган жылы: Бишкек, 2017, - 272 б.

Жүктөлгөн убакыт: 2018-02-17 09:50:48

Бул окуу китебинде жогорку окуу жайларындагы программага ылайык экономикалык теория боюнча, экономиканын мааниси, чектелгендик жана тандап алуу маселелери, өндүрүш ресурстары, өндүрүштүн мүмкүнчүлүгүнүн чектери, экономиканын негизги маселелери жана алардын чечилиши баяндалат. Ошону менен катар экономикалык система боюнча теориялык чечмелер берилген.
Экинчи бөлүмүндө: экономикалык өнүгүү, макроэкономикалык саясаттын негизги багыттары (акча-кредит, салык-бюджет, инновациялык-инвестиция, мамлекеттин социалдык жана эл кирешеси боюнча саясаттары, тышкы экономикалык саясат) берилген. Ошону менен катар дүйнөлүк экономика жана дүйнөдөгү глобалдуу маселелер дагы баяндалат.
Үчүнчү бөлүмүндө: микроэкономика жана бизнес, бизнести ишке ашыруу шарты, инновациялык долбоор жана бизнес-план, бизнес этикасы сыяктуу жаңы маселелер каралган.
Төртүнчү бөлүмүндө дүйнөлүк жана Кыргызстандык экономикалык ойчулдар тарыхынан маалымат келтирилди.

Жаңы китептер